• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

11 млн сомдук чыгым. Баткендеги окуядан 3,5 миң чакырым жолдун катмары бузулган

Аймак 0

Бишкек, 04.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткендеги окуядан 3,5 миң чакырым жолдун үстүңкү катмары бузулган. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.

Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча, чыгымдын суммасы 11 млн сомдон жогору болууда.

“Учурда атайын түзүлгөн комиссия чыгымдын суммасын эсептеп жатат. Эсептелгенден кийин калыбына келтирүү иштеринин каржылоо булактары аныкталат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий