• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

11-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 11-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9...+14, Талас облусунда +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көл облусунда +7...+12, Нарын облусунда +5...+10 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы +13...+15, градуска жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий