• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

11-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.11.18 /Кабар/. Эртең, 11-ноябрда синоптиктердин маалыматы боюнча, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Ошондой эле Ош, Жалал-Абад облустарынын көп бөлүктөрүндө, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан жаашы күтүлөт.

Ош шаарында абанын түнкү температурасы 0…+2, күндүз +9…+11 градус болот. Бишкекте түнкүсүн 0…-2, күндүз +5…+7 градус.

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7. Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11 градуска жетет.

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9.

Пикир

Оставить комментарий