• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

11-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Эртең, 11-октябрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25, Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9 градус, күндүз 22…24 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий