• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"110" түз байланыш аркылуу билим берүү чөйрөсүнө тийиштүү маалыматтарды алууга болот

Өкмөт 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү чөйрөсүндө калкка маалымат берүү үчүн түз байланыш телефонун ачат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү чечим министрлеринин кабинетинин кезектеги жыйынында бекитилди.

Кабыл алынган чечимге ылайык, каалоочулар "110" кыска номердеги түз байланыш аркылуу чалып, Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү суроолорду берсе болот.

Пикир

Оставить комментарий