• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

1100 мамлекеттик ишкананын 166сы гана иштейт - ММБФ

Коом 0


Бишкек, 27-июнь /Салтанат Абдраева - Кабар/. 1100 мамлекеттик ишкананын болгону 166сы гана иш алып барат. Калгандары кагаз жүзүндө гана бар. Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымында, 166нын 137си мамлекеттик мекемеге айланган. Биз өкмөткө 137нин 26.59 калтырууну сунуштадык. Алар мамлекеттик мекемелереге айланат. Себеби алар республикалык бюджеттен каржыланат. 10дон ашыгы акциялаштырылса, 20сы жоюулат, 4 менчиктештирилет.

“Бул өз кезегинде мүлктү башкарууда натыйжа берет. Мисал катары айта кетсемКыргызжилкоммунсоюз” мамлекеттик мекеме катары таасирдүү иштеп жатат”,- деди Казаков.

Ошондой эле, ал автовокзалдардын базасында бир мамлекеттик мекеме түзүлөөрүн кошумчалады.

Ысык-Көл облусунун кемечилик ишканасы менен «Кыргызкөмүр» МИ биригип, жыйынтыгында акционердик бирикме түзүлөт.

“Биздин алдыбызда жасай турган чоң жумуштар турат. Бардык мамлекеттик мекемелер акционердик бирикмеге айланат. Ошондой эле, кайталанган мекеме, акционердик коомдор кыскарат. Мында инвентаризация жана каттоо жакшы жыйынтыгын берет. Өкмөт ММБФнын алдына мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу тапшырмасын койду. Буга ылайык, биз Экономика министрлиги менен биргеликте атайын программа иштеп чыгабыз”,-деп кошумчалады ММБФ төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий