• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

111 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды

Президент 0

Бишкек, 16.04.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жарлыкка ылайык, 111 адам, алардын 60ы чоң киши жана 51и бала Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышты.

Алардын баары Афганистан Ислам Республикасынан жана Кытай Эл Республикасынан келген этникалык кыргыздар.

Пикир

Оставить комментарий