• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

112 миңге жакын протокол толтурулган. Кайгуул кызматы 4 айдын жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматында акыркы 4 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.

Ага аталган башкармалыктын башчысы Алмазбек Исаков, орун басары Мирлан Боенов, башкармалыктын полкунун командири Канатбек Жумаев, рота саркерлери жана бөлүм башчылары катышты.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, кеңешмеде төмөнкү маселелер каралды.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан 4 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 111 миң 628 протоколдор толтурулуп, өткөн жылдын 4 айына салыштырмалуу 76 миң 202 протоколго көп түзүлгөн.

Алардын ичинен:

- автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо - 1 348 ;

- мас абалында автоунаа башкаруу - 1 122;

- авто ээнбаштык -21;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо - 229;

- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 108 908;

- ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 8 150 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Бул түзүлгөн протоколдор үчүн жалпысынан 154 млн 632 миң 500 сом айып салынып, бүгүнкү күндө 34 млн 153 миң 872 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Ошондой эле 4 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан "102" линиясы боюнча 24 миң 842 чакыруулар ыкчам жана сапаттуу тейлеген.

Ыкчам кеңешмеде мындан башка да ачылган кылмыштар, жол кырсыгынын алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий