• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"112" нөөмөт кызматына бир суткада 10 миңдей чалуу келип түштү - штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "112" бирдиктүү нөөмөт кызматына бир суткада 10 миңдей чалуу келип түштү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, бир суткада келип түшкөн 10 миң чалуунун 1 миң 385и коронавирус боюнча чалгандар.

"Бирдиктүү нөөмөт кызматы жарандардын чалууларын күнү-түнү кабыл алууда. Көбүнчө чалуулар максатсыз болууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 1-апрелге карата Кыргызстанда 111 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын арасынан Жалал-Абад облусунда үчөө айыгып чыккан.

Коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Саат 20:00-07:00гө чейин коменданттык саат белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий