• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

12-15-июнда “Манас” аэропортунан резиденцияга чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат

Коом 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 12-15-июнь күндөрү бир катар көчөлөр жабылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ИИМдин Жол коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Азамат Исраилов кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, кайсы көчөлөр жана кайсыл убакта жабылаары коноктордун коопсуздугу үчүн айтылбайт.

“Жалпысынан “Манас” аэропортунан ШКУ саммити өтүүчү мамлекеттик резиденцияга алып барчу жол маал-маалы менен жабылып турат. Биз башкы көчөлөрдү жабабыз”, - дейт ал.

Исраилов баса белгилегендей, жолдорду жабуу убактылуу коноктор өткөн маалда гана болот.

Автоинспекция башкармалыгынан жалпысынан коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн 1 миңден ашуун кызматкер күзөткө чыгат.

Укук коргоо органдары шаар тургундарын түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Андан тышкары алардын маалыматы боюнча, ар бир жол кесилишинде бирден милиция кызматкери туруп, жол жүрүүнү жөнгө салат, ошол себептен “Коопсуз шаардын” камералары убактылуу иштебейт.

Пикир

Оставить комментарий