• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

12-16-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. 12-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

13-ноябрда жана 14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 14-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-ноябрда кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

16-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз жаан, кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий