• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

12-августка чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.08.19. /Кабар/. 6-августтан 9-августка чейин Кыргызстанда абдан ысык аба ырайы күтүлөт, - деп маалымдайт Кыргызгидромет борбору.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38…40 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 36…38 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.

Эртең, 6-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-8-август күндөрү жана 9-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

9-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

10-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-августта күндүз жана 9-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 11-августта өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 12-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий