• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

12-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 12-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусуну өрөөндөрүндө, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын күндүзгү температурасы: Чүй өрөөнүндө 32…+34, Талас облусунда 26…+31, Баткенде 31…+36, Ош, Жалал-Абад облустарында 31…+36, Ысык-Көл облусунда 24…+29, Нарында 24…+29.

"Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши, абанын жогорку температурасы 32…34° жылуу болушу күтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий