• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

12-декабрга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Коом 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 6-декабрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-декабрда эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, кар, Нарын облусунда кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык- Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 7-декабрда күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

8-10-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 8-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 11-12-декабрь күндөрү кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий