• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

12-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 8-декабрдан 12-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

9-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жана Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

10-12-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

8-декабрда түнкүсүн жана эртең менен бир аз кар жаашы күтүлөт.

8-декабрда күндүз жана 9-12-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

8-декабрда күндүз жана 9-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-декабрда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

10-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-12-декабрларда жаан-чачын күтүлбөт.

8-декабрда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

9-декабрда күндүз, 10-декабрда жана 11-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-декабрда күндүз жана 12-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

8-декабрда түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы күтүлөт.

8-декабрда күндүз жана 9-10-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-декабрда түнкүсүн бир аз кар жаашы күтүлөт.

11-декабрда күндүз жана 12-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

8-декабрда күндүз жана 9-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-декабрда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

10-12-декабрларда жаан-чачын күтүлбөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий