• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

12-февралдан 3-мартка чейин Бишкек жана Чүйдө 19 миң эреже бузуу катталган

Коом 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. «Коопсуз шаар» долбоорун киргизгенден тартып үстүбүздөгү жылдын 12-февралынан 3-мартка чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 19 миң жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешмеде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Ыманалы Саркулов билдирди.

undefined

Анын айтымына караганда, «Жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр 2019-жылдын 4-мартынан тартып күчүнө кирди, аларга ылайык, жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аппараттык-программалык комплекстер аркылуу аныкталган эреже бузуулар үчүн жеке жана юридикалык жактарга айыппулдар теңештирилди. Ошондой эле айыппулду 15 күн ичинде төлөгөн айдоочуларга айыппулду 50% жеңилдик менен төлөө укугун берүү каралган.

Буга байланыштуу бузуулар тууралуу билдирмелер эреже бузгандыгы катталган айдоочуларга 4-марттан тартып жөнөтүлө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий