• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

12-февралга чейин Бишкектин он кесилишине видеокамера орнотулат

Коом 0

Бишкек, 08.01.19 /Кабар/. 12-февралга чейин Бишкек шаарынын он кесилишине фото- видеокамералар орнотулуп, толук иштей баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Камералар "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында төмөнкү көчөлөрдүн кесилишинде болот:

Жибек Жолу – Жаш Гвардия,
Чүй – Ю.Фучик,
Чүй – Бейшеналиев,
Жибек Жолу – Ю.Фучик,
Чүй – Жаш Гвардия,
Бөкөнбаев – Абдрахманов,
Жибек Жолу – Абдрахманов,
Чүй – Курманжан Датка,
Московский – Абдрахманов,
М.Горький – 7-Апрель.

"Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабы боюнча Бишкектеги он көчөнүн кесилишинен тышкары, республиканын 17 тилкесинде дагы фото-видеокамералар орнотулуп, 12-февралда иштеп баштайт. Алардын көпчүлүгү Бишкек-Ош жана Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолдорунда орнотулат.

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоорун россиялык "Вега" "Радиоуктуруу концерни" компаниясы утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий