• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

12-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.02.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 8-февралдан 12-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

8-12-февралдарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт.

11-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

8-12- февралдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

8-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

8-февралда күндүз жана 9-10-февралдарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

11-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы күтүлөт.

12-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-февралда 14 метрге жетиши күтүлөт.

8-12- февралдарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

8-февралда күндүз жана 9-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

9-февралда облустарынын кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

8-12- февралдарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-февралда кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-11-февралдарда жана 12-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт.

11-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

8-12- февралдарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

8-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

9-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт, күндүз Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

10-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт, күндүз Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

11-февралда түнкүсүн кар, күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.

12-февралда түнкүсүн бир аз кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-9-февралдарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

8-12-февралдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-9-февралдарда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда.

10-февралда күндүз, 11-февралда жана 12-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий