• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

12-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

БишкеК, 11.02.20. /Кабар/. Эртең, 12-февралда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9, Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6 градус, Нарын облусунда -12…-17, күндүз -2…-7 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -3...+2, күндүз 6...11 градус жылуу болушу ыктымал.

Эртең, 12-февралда борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5, күндүзү 5…7 градус болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий