• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

12-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Эртең, 12-июлда Кыргызстандын аймагында күн ачык болот жана жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, - деп билдиет Кыргызгидромет борбору.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38, Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 32…37 градус.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30, Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30 градуска чейин жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38 градуска чейин ысык болушу ыктымал.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22 градус, күндүз 36…38 градуска чейин ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий