• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

12-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.06.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 8-июндан 12-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-июнда күндүз жана 9-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

10-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 10-июнда күндүз жана 11-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-июнда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. 12-июнда күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-10-июндарда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

8-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-июнда күндүз жана 9-июнда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 10-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-июнда күндүз жана 11-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 12-июнда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метден, 8-9-июндарда 14 метрге жетиши күтүлөт метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-июнда эртең менен жана күндүз, 9-11-июндарда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-июнда күндүз жана 9-июнда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

12-июнда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. 12-июнда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-10-июндарда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-июнда күндүз жана 9-11-июндарда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-июнда күндүз жана 9-июнда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

12-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордожаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-11-июндардакээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

8-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз. 8-июнда күндүз жана 9-11-июндарда жана 12-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 12-июнда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-10-июндарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-июнда күндүз жана 9-11-июндарда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-июнда күндүз жана 9-июнда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

12-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-11-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий