• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

12-майга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 8-майдан 12-майга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-майда күндүз жана 9-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-майда күндүз жана 10-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-майда күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-майда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-майда күндүз жана 12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-майда күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-майда күндүз жана 9-10-майларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

8-майда жана 9-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

9-майда күндүз жана 10-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

11-12-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-майда күндүз жана 9-майда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-майда жана 10-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-майда күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-майда жана 12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-майда күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-майда күндүз жана 9-10-майларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-майда жана 9-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-майда күндүз жана 10-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-майда күндүз жана 12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-майда күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-10-майларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

8-майда жана 9-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

9-майда күндүз жана 10-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

11-12-майларда жаан-чачын күтулбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 9-10-майларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-10-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-майда күндүз жана 12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-майда күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-майда күндүз жана 9-10-майларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий