• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

12-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.05.18. /Кабар/. Эртең, 12-майда КР аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 22...27;

Талас облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 21...26;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 25...30;

Баткен облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 25...30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26;

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26.

Эртең Бишкекте күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 17...19, күндүз 25...27 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий