• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

12-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. Эртең, 12-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…12 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14 градус жылуу болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -0…-2 градус, күндүз 9…11 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий