• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

12-октябрда калаанын айрым жерлеринде таза суу жок болот (тизме)

Коом 0

Бишкек, 10.10.17./Кабар/. “Бишкексууканал” башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 12-октябрда калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Батыш-2” суу алгычын оӊдоп-түзөө иштерине байланыштуу Фучик, Фрунзе, Манас көчөлөрүндө жана темир жол сызыгы чектешкен жерлерде таза суу берилбейт

Таза суу берүү төмөнкү даректерде жок болот;


- №31, 13, 8, 2 орто мектептеринде, №9 окуу-тарбиялык комплексинде;

- №№ 8, 22, 72, 164, 165, 167, №73 бала бакчаларында, К.Акиев көчөсү, 51 дарегиндеги №3 бала бакчасында;

- “Балдарды коргоо борборунда”;

- “Арпа” ААК;

- “Ош базары” ЖЧК;

- “Берекет-Гранд”;

- “Берекет-Универсал”, “Берекет” соода комплекстеринде, “Берекет” ЖАК;

- Илимдер академиясы;

- Улуттук банк;

- №2 клиникалык төрөт үйү;

- Бишкек троллейбус башкармалыгы;

- №1 шаардык клиникалык ооруканасы;

- Некрасов көчөсү боюнча Бишкекборкомбинаты;

- Ленин райондук администрациясы;

- Бишкек финансы-экономикалык академиясы;

- “Кыял” бирикмеси;

- Кыргызстан Эл аралык университети;

- Батыш РЭС;

- Жаш гвардия бульвары, 59 боюнча Республикалык радиотелеборбор;

- КОСУ Медициналык факультети;

- Ленин райондук соту;

- №100 лицейи;

- Бөкөнбаев көчөсү №182 дарегинде жайгашкан Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссиясы жана кыргыз энциклопедиясынын имараты;

- “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы;

- №2 стоматологиясы;

- Манас проспектиси 16 дарегиндеги мейманканада ичүүчү суу берилбейт.

“Бишкексууканал” башкармалыгы ыӊгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала таза суу камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий