• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

12-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 8-октябрдан 12-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

10-октябрда кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

11-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунунда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-октябрда күндүз жана 12-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-октябрда күндүз жана 9-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

8-октябрда жана 9-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

9-октябрда эртең менен жана күндүз жаан жаашы күтүлөт.

10-12-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-октябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-10-октябрларда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 10-октябрда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

11-октябрда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-октябрда күндүз жана 12-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-октябрда күндүз жана 9-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

8-октябрда күндүз жана 9-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-октябрда эртең менен, күндүз жана 10-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-октябрда кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-октябрда күндүз жана 9-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

8-октябрда жана 9-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

9-октябрда эртең менен, күндүз жана 10-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

11-12-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-октябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-10-октябрларда көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-октябрда кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-октябрда күндүз жана 9-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий