• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

12-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Эртең, 12-октябрда, түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаашы мүмкүн.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 9…14 градус, Талас облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 6…11 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19 градус жылуу болот.

Эртең, 12-октябрда борбор калаабыз Бишкекте түнкүсүн жан жаашы күтүлөт, күндүз болсо жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 11…13 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий