• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

12-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Эртең, 12-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда бир аз жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19,

Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 13...19,

Нарын облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 12...17.

Эртең, Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 17…19 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий