• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

12-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 8-сентябрдан 12-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-9-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. 10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

11-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

12-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-сентябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

8-12-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

9-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-сентябрда күндүз жана 11-сентябрда Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-сентябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-сентябрда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-сентябрда күндүз жана 12-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-сентябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

8-9-сентябрларда жана 10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

10-сентябрда күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

11-12-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-9-сентябрларда жана 10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

10-сентябрда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-сентябрда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-сентябрда күндүз жана 12-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-сентябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий