• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

12-сентябрга Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. Эртең, 12-сентябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25, Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 19…24 градус болот.

Ысык-Көл, Нарын облустарында абанын температурасы түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 градус.

Эртең, 12-сентябрда борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9 градус, күндүз 22…24 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий