• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кеминде 12 жашар кызга ыдык көрсөткөн дарыгер 21 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районунда 12 жашар кызга ыдык көрсөткөн дарыгер 21 жылга камакка алынды. Мындай чечимди Кемин райондук соту чыгарган.

Айыпталуучу тарап аталган чечим боюнча жогорку инстанцияга кайрылган, бирок Чүй облустук сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Соттук териштирүүлөрдүн алкагында айыпталуучу жарым жартылай күнөөсүн моюнуна алып, кийин ал сөздөрүнөн баш тарткан.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 8-сентябрь күнү Кемин районунда 12 жашар кызды зордуктоого аракет кылган дарыгер кармалган. Бул окуя 6-сентябрь күнү Орловка шаарында болгон. 53 жаштагы дарыгер 12 жашар кызга дары салып, аны кыймылсыз кылып, ыдык көрсөтүүгө аракет жасаган.

Пикир

Оставить комментарий