• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

12 жашка чейинки балдарга эмдөө сертификаты же терс ПЧР тест керек эмес. КРга кирүү жана чыгуу эрежелери

COVID - 19 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Коронавируска каршы Республикалык штаб COVID-19 шартында Кыргызстанга кирүү жана КРдан чыгуу эрежелерин эске салат.

Кыргызстандын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эл аралык аба каттамдар жана унаа каражаттары менен мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө ПЧР тестинин терс жыйынтыгын (акыркы 72 саатта активдүү) же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндө тастыктаманы көрсөтүүгө тийиш.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары документтердин санариптик версиясы үчүн “COVID-19суз саякаттайм” мобилдик тиркемесин колдоно алышат.

Учактын ичинде милдеттүү түрдө беткап тагынуу жана антисептиктерди колдонуу керек, ошондой эле COVID-19дун клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр гана киргизилет. ПЧР тестинин мөөнөтү объективдүү себептерден улам (72 саат) аяктаган учурда жүргүнчүлөр экспресс-тесттен өтүүгө милдеттүү.

12 жашка чейинки балдарга эмдөө сертификаты же терс ПЧР тест керек эмес.

ПЧР тестинин терс натыйжасы (акыркы 72 саатта активдүү) же эмдөөнүн толук курсу жөнүндө тастыктама өлкөдөн чыгуу үчүн да талап кылынат.

Ыкчам штаб чет өлкөлөргө учаардан мурда чет мамлекеттеги учурдагы эрежелерди билип алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий