• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

12 жаштагы Кыргызстандык гений Америкадан алтын медаль утту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. 12 жаштагы ойлоп табуучу Ильяз Талант уулу Америкада “Генийлердин олимпиадасында” алтын медаль утту. Бул туурасында Gezit.kg сайты жеңүүчүнүн апасы Инаят Жээналиевага таянып билдирди.

Маалымат боюнча, 12-17-июнь аралыгында АКШнын Осуиго шаарында (Нью-Йорк штаты) ар жыл сайын өтүлүүчү 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы ойлоп табуучулук боюнча “Генийлердин олимпиадасына” Кыргызстандан Ильяз Талант уулу катышкан. Жыйынтыгында 12 жаштагы Ильяз мамлекетибиздин намысын коргоп, экологияны коргоо долбоору боюнча алтын медалга ээ болду.

“Баламдын байге алганы мени абдан кубандырбай койгон жок. Бул кабарды угаарым менен алгач ишене албай шок болдум. Анан сайтка кирип, баламдын жеңишке жеткенин көргөн соң, кубанганымдан ыйладым. Баламдын атасы (жолдошу) көзү өтүп кеткен. “Жок дегенде баласынын ушул жакшылыгын көрүп кетсе жакшы болмок эле” деп апабыз да көзүнө жаш алып, абдан кубанды”,- дейт Жээналиева.

Айта кетсек, сынактын негизги максаты – экология боюнча глобалдык көйгөйлөрдүн алдын алуу болуп саналат. Бул олимпиадага англис тилин эң мыкты билгендер гана катыша алышкан. Сыймыгыбызга айланган болочоктогуу чоң окумуштуу Ильяз мекенине 25-июнда кайтып келет. Баласынын жеңишке жетүүсүнө мугалимдеринин салымы чоң экенин баса белгилеп өттү Инаят Жээналиева.

Булагы: gezit.kg

Пикир

Оставить комментарий