• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

12 жылдык окутуу. Кыргызстанда балдар 6 жашынан тарта мектепке бара башташат - Билим берүү министри

Билим 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев социалдык тармакта өлкөдөгү мектепте 12 жылдык билим берүүнүн киргизилишине комментарий берди.

Анын айтымында, эми балдар 7 жаштан эмес, 6 жаштан мектепке бара башташат.

"Эми бала 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө 1-класска аттанып, 0-класс деген жоюлат. Ошондо бала жылдан утулбайт. Дүйнөлүк стандартка ылайык болобуз", - деп жазган ал өзүнүн соцтармактагы баракчасына.

Пикир

Оставить комментарий