• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

120 кытай автобусу. Бишкек мэриясы айдоочуларды ишке чакырат

Коом 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы "Д" категориясындагы айдоочуларды кабыл алат. Бул тууралу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматк ылайык, айдоочулар жумушка борборго 120 жаңы кытай автобустарынын келишине байланыштуу алынууда.

"Документтердин стандарттык топтомунан тышкары, талапкерлер автотранспортту газ кыймылдаткычы менен башкарууга уруксат берген күбөлүктү көрсөтүшү керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, автобустар 10,5 метрлик жана кондиционер менен жабдылган. Автобуста бардыгы болуп 75 орун бар, алардын 26сы отургандар жана 1 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн. Ошондой эле, автобус автоматтык берүү жана бүктөлүүчү шаты менен жабдылган.

Бардык суроолор боюнча телефон аркылуу кайрылыңыздар: 53-17-89, 53-18-14, 0705 86 84 64.

Пикир

Оставить комментарий