• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

120 млн евро: "МЮ" өз тарыхында эң кымбат футболчунун алышы мүмкүн

Спорт 0

Бишкек. 21.05.19 /Кабар/. "Манчестер Юнайтед" португалиялык "Бенфиканын" чабуулчусу Жоау Фелишти 120 млн еврого сатып алышы мүмкүн.

Эгер англиялыктар 19 жаштагы оюнчуну алса, ал клубдун тарыхындагы эң кымбат футболчу болуп калат, деп жазат Daily Mail.

Маалыматка ылайык, эки тарап бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, жаш футболчуга дагы бир англиялык клуб "Манчестер Сити" жана испаниялык "Атлетико" кызыгууда, деп жазат sport-express.

2018/19 сезонунда Фелиш 43 матча оюн талаасына чыгып, 20 гол киргизген.

transfermarkt.de порталынын маалыматы боюнча, Фелиштин трансфердик баасы 35 млн еврону түзөт.

Пикир

Оставить комментарий