• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

12нен 16-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 12нен 16-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 12-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда бир аз жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

13-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

14-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуурайондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо туман түшүшүкүтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

15-октябрда жана 16-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

16-октябрда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

17-октябрда жана 18-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий