• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

13-17-декабрда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 13нөн 17-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн, 13-декабрда Ысык-Көл облусунун чыгышында бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

14-15-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

16-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 16-декабрда эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

17-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 17-декабрда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

18-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, 19-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий