• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

13-17-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. 13-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

13-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

15-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

16-ноябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

17-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир районунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий