• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчилик: 13-20-июль күндөрү Россиядан 1 миң 704 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. 13-20-июль күндөрү Россиядан 8 аба каттам менен 1 миң 704 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, төрт аба каттам менен Москва шаарынан Бишкек жана Ош шаарларына 955 жүргүнчү, үч аба каттам менен Новосибирск шаарынан Бишкек жана Ош шаарларына 563 жүргүнчү, бир аба каттам менен Екатеринбургдан Бишкек шаарына 186 жүргүнчү кайтарылган.

"Аба каттамдар убактылуу токтотулгандан бери 2020-жылдын 20-мартынан тартып 20-июлга чейин Россиянын 21 аймагынан 18 миң 285 мекендештерибиз кайтарылды. Россиядан 74 аба каттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган", - деп айтылат маалыматта.

Элчилик Кыргызстанда эпидемиялык кырдаалдын начар экенин, туруктуу аба каттамдар жандана электигин жана Россия менен Казакстандын чек арасы жабык экенин эскертип, Кыргызстандын жарандарын чыдамдуу болууга жана орус-казак чек арасы тарапка барбоого чакырат.

"Бүгүнкү күнгө чейин элчиликтин жана Россиядагы Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн сайттарында, ошондой эле, социалдык тармактарда (Instagram – predstavitelstvo_migrasii_kr; FaceBook – Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү) 4 миңден ашык вакансия жөнүндө маалымат жайгаштырылган. Элчилик Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал татаал болгонун эске алып, мекенине тез арада чыгууга себептери жок жарандарды мүмкүн болсо, кырдаал турукташмайынча Кыргызстанга кайтуудан баш тартууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Жумуш табуу боюнча жардам керек болсо, Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүнө төмөнкү дарек боюнча жарандар кайрылса болот: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү 12а; байлыныш телефондору: +7 (977) 597 37 03; +7 (901) 706 13 56 (WhatsApp); + 7 (901) 761 11 96; +7 (980) 078 03 32; + 495 780 74 12, + 495 780 74 10, + 495 780 74 12; электрондук дарек: predmigration@mail.ru

Пикир

Оставить комментарий