• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

13-апрель. Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Бүгүн COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. 2020-жылдын 13-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы 419 учур катталды. Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 91,
  • Ош облусунда – 128,
  • Ош ш. – 59,
  • Чүй облусунда – 27,
  • Бишкек ш. – 69,
  • Баткен облусунда – 5,
  • Нарын облусунда – 34,
  • Ысык-Көл облусунда – 6.

— Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун 16 медицина кызматкери жуктурган, алардын ичинен 9 медкызматкер Бишкек шаарында, 4 – Ош облусунда, 2 – Ош шаарында, 1 – Баткен облусунда. COVID 19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 учур.

— Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 13 бейтап айыгып, Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасынан чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 67 бейтап ооруканадан чыгарылды.

— COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6 899 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):

  • Жакын байланыштар (I категория) – 1 359
  • Башка байланыштар (II категория) – 5 540

— Кыргызстан боюнча обсервацияда 947 адам жатат.

— Үй карантининде болууга милдеттүү болгон жарандарга мониторинг кылуу системасы ишке кирди.

— Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 13-апрелге карата 123 млн сомдон ашык каражат түштү, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине – 9 млн сомдон ашык жана Бишкек мэриясынын эсебине – 2,7 млн сомдон ашык каражат түштү.

— Республикалык штаб КР Президентине карантинди узартуу сунушун киргизди.

— Республикалык штаб 50 жаңы теплевизор жана 100 портативдик термометр түрүндөгү гуманитардык жардам алды, алар санитардык-карантиндик посттор боюнча бөлүштүрүлөт.

— Атайын түзүлгөн комиссия Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине түшкөн каражаттарды коронавируска каршы күрөшүүгө тартылган медкызматкерлерге кошумча төлөмгө, керектүү жабдыктарды жана медициналык каражаттарды сатып алууга бөлүштүрүү чечимин кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий