• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

13-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 9-апрелден 13-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

9-13 -апрелдерде Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

9-10-апрелдерде жана 11-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

11-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

13-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 13-апрелде эртең менен жана күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-12-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-13-апрелдерде Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

9-13-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

9-13-апрелдерде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

9-11-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

12-апрелде Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

13-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-12-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-13-апрелдерде Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

9-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

10-13-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-12-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-13-апрелдерде Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

9-апрелде түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт.

9-апрелде күндүз Каракол шаарында жаан жаашы күтүлөт, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

10-13-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

9-13-апрелдерде Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

9-13-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-12-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий