• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

13-апрелге карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-апрелде, күндүз Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын жаан-чачын күтүлбөйт.

Кыргызгидрмоет борбору билдиргендей, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 20…25, Таласта 19…24, Ысык-Көлдө 16…21, Нарында 15…20 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы 22…27 градуска чейин жылуу болот.

Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, күндүз 20…22 градуска чейин ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий