• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

13-августка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 13.08.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 13-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми калган облустарда, дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +30...+35, Талас облусунда +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл облусунда +25...+30, Нарын облусунда +24...+29 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +31...+33 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий