• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

13-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 9-декабрдан 13-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

9-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

10-13-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

9-13-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. 9-декабрда түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

9-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

10-декабрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

10-декабрда күндүз, 11-12-декабрларда жана 13-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

13-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

9-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

10-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-13-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

9-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт

10-декабрда кар жаашы күтүлөт.

11-13-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

9-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

10-13-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий