• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

№13 Үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеген дарыгерден коронавирус аныкталган жок – штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган бейтап менен байланышта болгон дарыгер иштеген №13 Үй-бүлөлүк медицина борборунда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, медициналык борбор эртеңден тарта иштейт баштайт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, №13 Үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеген дарыгер үй карантининде болгон, кийинчерээк коронавирус аныкталган бейтаптын үйүнө барып карап жүргөн.

"Азыр ал жаран жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда. Ал эми дарыгерден эки жолу коронавируска анализдер алынып, жыйынтыктары оору жок экенин көрсөттү. Ленин районундагы бириктирилген Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги чечими менен №13 ҮМБ кызматкерлеринин жана ал жакка караштуу калктын коопсуздугу үчүн дарыгер үй карантинине жиберилген", - деп билдиришти штабдан.

Учурда поликлиникада дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн. 19-апрелден баштап №13 Үй-бүлөлүк медицина борбору штаттык тартипте иштей баштайт.

Пикир

Оставить комментарий