• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

13-январга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-январда, өлкөнүн бир катар тоолуу облустарында кар жаашы мүмкүн, тактап айтканда, күндүз Жалал-Абад, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарында кар жаайт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Абанын температурасы күндүз Чүй жана Талас облустарында +4…+9 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда күндүз 1…+6 градус, Нарын облусунда - 8…-13 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы күндүз +6…+11 градус жылуу болушу күтүлөт.

Борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы күндүз +7…+9 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий