• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

13-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Эртең, 13-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Кыргызгидромет борбору билдиргендей. батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36, Талас облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30, Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36 градуска чейин ысык болот.

Эртең Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 34…36 градуска чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий