• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

13-июнга чейин Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 9-10-июнь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

11-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 12-июнда күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

13-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-июнда эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-11-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-13-июнь күндөрү Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы;

9-10-июндарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 11-июнда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

11-июнда күндүз, 12-июнда жана 13-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 13-июнда күндүз ала-булут каптап турат, жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метден, 9-июнда 14 метрге жетиши күтүлөт метрге жетиши күтүлөт.

9-13-июндарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы;

9-10-июндарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

11-июнда Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-июнда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

13-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-июнда эртең менен жана күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-11-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-13-июндарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы;

9-11-июндарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-10-июндарда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

12-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

13-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-июнда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-13-июндарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы;

9-11-июндарда жана 12-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

12-июнда жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз.

13-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-11-июндарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-13-июндарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы;

9-11-июндарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-10-июндарда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

12-июнда жана 13-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

13-июнда эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен көпчүлүк аймактарда жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий