• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

13-июнга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Эртең, 13-июнда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу жайыттарда жаан карга айланат. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22 градус болот.

Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30 градуска чейин жетет.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 13…15 градус, күндүз 25…27 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий